Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 12.02.2014 14:01

Боомдо кылмышкерлердин огунан каза болгон милиционер Б.Абдраевдин үй-бүлөсүнөЖ огорку Кеңеш материалдык жардам көрсөттү

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров менен Кенжебек Бокоев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына барып, 9-февралда Боом капчыгайында болгон окуяда кылмышкерлердин огунан каза болгон Балыкчы ШИИБдин кызматкери Бакыт Абдраевдин ата-энесине көңүл айтышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү, тайманбас, эр жүрөк уулду тарбиялаган Бообек Абдраевге ыраазычылык билдирип, парламенттин атынан деп Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан 100 миң сом өлчөмүндөгү каражатты жардам иретинде тапшырышты.

Өз кезегинде, жергиликтүү тургундар эл өкүлдөрүнө ар кандай тартип бузууларда өз милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын белгилешти. Алар Б.Абдраевдин артында калган 3 кызы, боюнда бар аялына Балыкчы шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу муниципиалдык үйдөн квартира бөлүп берүүгө көмөктөшүү, кайгылуу окуяда өз ишин так аткарган милиция кызматкерлерин мамлекеттик жогорку сыйлыктарга көрсөтүү өтүнүчтөрүн билдиришти.

Жогорку Кеңеш депутаттары айтылган сунуш-пикирлерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүүгө убада кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×