Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.02.2014 09:45

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаажолунда болгон жол кырсыгынан 6 адам каза болду, - ӨКМ (тизме)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаажолунун 203-чакырымындагы Шалба айылында болгон жол кырсыгынан 6 адам каза болду, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кечээ, 11-февралда мамлекеттик № I 29-53 АВ «Тойота-Эсима» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн.

КР ӨКМнин Каракол шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамды унаанын ичинен чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Каза болгондор:

1. Унаанын айдоочусу Мамбеталиев Бектемир 1956-жылы туулган, Жеңиш айылынын тургуну.

2. Жакшылыкова Света Садыбакасовна 1963-жылы туулган, Дархан айылынын тургуну.

3. Асанбаева Асылкан Султановна 1971- жылы туулган, Саруу айылынын тургуну.

4. Медербеков Сагынбек Баякунович 1955-жылы туулган, Боз-Бешик айылынын тургуну.

5. Таштанбекова Кенжегүл Сатеновна 1955-жылы туулган.

6. Сагынбек уулу Элдос 2004-жылы туулган.

Жабыркагандар:

1. Сырдыбаева Гүлнур Булатовна 1969-жылы туулган.

2. Углитский Эвгеня Анатолевич 1979-жылы туулган.

3. Турдумамбетова Надира Бектуровна 1987-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×