Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

«Кыргызтелекомдун» Тоңдогу жаңы жетекчиси ким болду?

Кудайменде Абдымусаев
Кудайменде Абдымусаев
// Turmush

Turmush -  «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын Тоң райондук бөлүмүнүн директору болуп Абдымусаев Кудайменде Эсенбаевич дайындалды. Ал кызматына 18-майда киришти.

Кудайменде Абдымусаев 1980-жылы Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында туулган. 1997-жылы Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебин бүтүргөн. 2007-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Эмгек жолун 2001-жылы «Кыргызтелеком» ААКтын Ак-Суу райондук бөлүмүндө телефон байланышынын электромонтеру болуп иштөө менен баштаган.

2004-жылдан бери «Кыргызтелеком» ААКтын Тоң райондук бөлүмүндө жооптуу кызматтарды аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×