Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Онлайн окутуу: Ысык-Көл облусунда 10 миңден ашуун видео сабак даярдалды

Акылбек Осмоналиев
Акылбек Осмоналиев

Turmush -  Ысык-Көл облусунда аралыктан окуп жаткан мектеп окуучуларына 10 миңден ашык видео сабактар даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында өлкөдөгү мектептерде IV чейрек аралыктан окутулууда. Мугалимдер тарабынан видео сабактар даярдалып, балдарга көрсөтүлүүдө.

А.Осмоналиевдин айтымында, Ысык-Көл облусунда предметтик 9338, тарбиялык 4422 видео сабак даярдалды. Облуста Zoom программасын 2462, WhatsApp мессенджерин 7995, Google classroom программасын 1015, электрондук почтаны 521, Telegram мессенджерин 2788 окуучу өздөштүрүп, колдонууда.

Ошондой эле мектеп окуучулары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары Баластан, Илим-Билим, ЭлТР, Санат телеканалдары, Youtube аркылуу жана «Ibilim», «Билим булагы» мультимедиялык ресурстары аркылуу билим алууда.

А.Осмоналиев Т.Сатылганов атындагы облустук лицей-интернаты жана Каракол шаарынын мугалимдери тарабынан 38 видео сабак даярдалып, облустук телеберүү аркылуу көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×