Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Коронавирус Ысык-Көлдө: Европага барган бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда коронавирус илдетине чалдыккан бир бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

Айыккан бейтап Жети-Өгүз районунун 1987-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашайт. Андан эки жолу ПЧР анализ алынып, соңку анализинин жыйынтыгында коронавирустун белгилери табылган эмес.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган бейтап 15-28-апрель күндөрү Бельгия мамлекетинде болгонун жазган. Ал жактан Кыргызстанга жүк ташуучу унаа менен сапар тарткан. Жолдон Германияга кайрылып, унаасына жаңы сорттогу картошка жүктөгөн. Ошондой эле Литва мамлекетинде болгон. 29-апрелде Россия Федерациясына жеткен. Ал жерден Кыргызстандын 1956-жылы туулган жаранын алган. Экөө 3-майда Кыргызстанга жетип, алгач Ысык-Ата районунда ПЧР анализ тапшырышкан. Ал учурда Жети-Өгүз районунун тургунунан коронавирус аныкталган эмес. Ал эми аны менен чогуу келген 1956-жылы туулган жарандан коронавирус чыккан. Жети-өгүздүк жаран Ысык-Атада 3 күн болуп, 6-майда Караколго сапар алган. Аны Балыкчы шаарындагы посттон таанышы тосуп алган. Ал учурда жети-өгүздүк жаран унаадан түшкөн эмес. Тосуп алган адам аны башка унаа менен Каракол шаарына чейин коштоп барып, жолдон картошканы түшүрүп калган.

Жети-өгүздүк тургун 7-майда саат 07:00 чамасында Каракол шаарына жеткенде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасындагы обсервацияга жаткырылган. Ошол күнү коронавируска анализ алынып, жыйынтыгы терс чыккан. Ал эми 12-майда алынган анализинин жыйынтыгынан коронавирус чыккан.

Бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда жалпы 1350 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 949 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. 14 адам каза болду.

Ысык-Көл облусунда коронавирустун 14 учуру катталса, алардын ичинен 11 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×