Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

«Көзүнө жаш толуп»: Ысык-көлдүк Жибек жеңе жолдошун тамашалайм деп эсине араң келтирген

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы – Чолпон-Ата шаарынын Бактуу-Долоноту айылынын 36 жаштагы тургуну Жибек Сапарбаева.

Өзүнүн айтымында, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 18 жашында турмушка чыккан. Жолдошу менен үйлөнүү тоюнда таанышкан.

«Жолдошум мени бир көрүп сүйүп калыптыр. Таанышкандан 1 айдан кийин дос катары жакындап, "тойго барып келели, кайра таксиге салып жиберем" деп алдап, ала качып кеткен. Жолдошум Сапарбек Конокпаев Ак-Суу районунун Курбу айылында 1982-жылы туулган. Милиция кызматында иштейт, күзөт бөлүмүнүн прапорщиги. Аябай камкор, эмгекчил. Супер жолдош, жакшы ата. Мен Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында төрөлгөм. Азыр ошол айылда эле жашайбыз. Жолдошум экөөбүз үйлөнгөнгө чейин эле Чолпон-Атада иштечү. Жумушуна карап ушул айылда жашап калганбыз.

Жогорку окуу жайынан тышкары айдоочулук, чач тарач, компьютердик курстарды окуп бүткөм. Жолдошум экөөбүз бирге сулуулук салонун куруп, үйлүү болдук», - деди каарманыбыз.

Ал жолдошун тамашага салган окуясын айтып берди.

«Кызым 3-4 айлык болуп калган. Жолдошум жумуштан келмек. Үйгө конокко сиңдим келген. Ал "келиңиз, куурчакка кызыңардын кийимин кийгизип, жездем дарбазадан кирип келери менен тосуп алыңыз деп ыргытып, жездемди тамашалайбыз" деген. Мен каршы болгон жокмун. Ошондо жолдошум кандай абалда болорун ойлонбоптурбуз. Өзүбүз деле бала экенбиз. Аңгыча жолдошум дарбазадан кирип келди. Сиңдим куурчакты колуна көтөрүп чыгып, куурчакка "атаң келди. Сени ыргытып жиберсем, атаң тосуп ала алат бекен, ыя?" деп, "жезде, кызыңыз керек болсо тосуп алыңыз" деп ыргытып жиберди. Жолдошум эмне кыларын билбей, чуркап, куурчакты кармаганга жетишпей калды. Аң-таң болуп, бозоруп туруп калды. Куурчак жерге түшкөн бойдон жатты. Биз каткырып күлүп жатсак, жолдошум мени бир карап, сиңдимди бир карап, эмне дээрин билбей, көзүнө жаш толуп, кубарган бойдон тура берди. Мен чуркап барып "тамашалап койдук" десем, үн-сөз жок сүйлөбөй тура берди. Мен аны тамашалайм деп, сүйлөбөй туруп калганда өзүмдүн жүрөгүм түшүп калган. Жолдошумду жулкулдатып жатып эсине келтирип, кечирим сурагам. Ошондон кийин катуу тамашалагандан коркуп калгам. Жолдошума чоң баа бергем. Ушунчалык сабырдуу болуп, мага, сиңдиме жаман сөз айтып, кол көтөргөн эмес. Балким сабыры жок бирөө болсо сөгүп, катуу сүйлөмөк беле, ким билет..», - дейт Жибек Сапарбаева.

Ал 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×