Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Айыл турмушу: Г.Карабаева үйүндө кофе, апельсин, лимон, мандарин, банан, грейпфрут, анар өстүрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Там айылынын тургуну Гүлмайрам Карабаева 8 жылдан бери гүл өстүрүп, азыр апельсин, лимон, мандарин, банан, кофе, грейпфрут, анар сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүдө. Элеттик айым менен аймактык кабарчы маектешти.

Анын айтымында, гүл өстүрүүгө жаш кезинен эле кызыгып келген.

«Мектепте окуп жүргөн учурда эле гүлдөргө абдан кызыкчумун. Гүлдөрдү мектептен алып келип өстүрө берчүмүн. Кийин бир учурларда өстүрбөй калдым. 2 балалуу болгондон кийин 2012-жылдан тартып гүлгө катуу кызыгып калдым. Себеби ал мезгилде интернет жакшы өнүгө баштаган эле. Интернет аркылуу көп гүлдөрдү көрүп, сатып алып өстүрө баштадым. Жаңы өстүргөндө үй шартында өстүрдүм. Үйүбүз гүлгө толуп кетчү. Кийин жолдошум атайын гүл өстүрүүчү күнөскана куруп берди»,-деди ал.

Каарманыбыз учурда 100гө чукул гүлдүн түрүн өстүрөт. Ал ар бир гүлдүн өзүнчө табияты болорун айтты.

«Гүлдөр деле жаш бала сыяктуу болот. Ар бир гүлгө өзүнчө мамиле жасоо керек. Мисалы азалия деген гүл бар. Ал гүл өтө муздак сууну талап кылат. Кышында кардын суусу менен сугарып, жайкысын сууну муздаткычка салып муздатып, андан соң беребиз. Ар бир гүлгө өзүнүн табиятына жараша мамиле кылабыз. Ансыз гүлдөр өспөй калышы мүмкүн. Аздектеп караса жакшы өсөт. Гүлдөр дагы ооруп калышат. Ошол учурда жакшы көңүл буруп кароо керек. Эгер кароо жакшы болбосо акырындык менен куурап баштайт. Айрым гүлдөр жарык жерди, айрымдары ысык жерди жакшы көрөт.

Азыр менин күнөсканамда 100гө чукул гүлдүн түрү бар. Мурда курулган күнөскана азыр кичинелик кылып жатат. Буйруса дагы чоң күнөскана курууну пландап жатабыз. Мен жетпеген гүлдөрдүн түрлөрү абдан көп. Ошол себептен бул тармакты дагы өркүндөтүүнү пландап жатам. Күнөскананы чоңойтуп, айылдагы бош жүргөн кыз-келиндерге гүл өстүрүүнү үйрөтсөм деген максаттарым бар. Гүлдөр менин балдарым сыяктуу эле болуп калды. Гүлдөрүмү абдан жакшы көрөм. Алар өскөн жерге киргенде башкача сезимдер болот. Аны сөз менен айтуу кыйын», - деди Карабаева.

Учурда гүлгө деген суроо-талаптар көбөйгөн.

«Негизи гүлдү сатам деп өстүрбөйм. Адамдар келип, сат деп алып кетишет. Сатам деп өстүрсөң жакшы өспөй калышы мүмкүн. Сатып жатканда абдан ичим ачышат. Ал гүл аркылуу келген акчага эмес, ал гүлдүн кетип жатканына өкүнөм. Жакшы караса экен деп ойлонуп калам. Мен өстүргөн гүлдөргө кардарлар абдан көп. Мисалы, Нарын, Талас, Баткен Ош облустарынан келип алып кетишет. Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан кардарларым бар. Гүлдөр жаз мезгилинде көп сатылат. Жакшы эле баага сатабыз», - деди каарманыбыз.

Күнөсканада бир эле гүлдөр эмес, чет өлкөдө өскөн цитрус өсүмдүктөрү дагы өсөт. Учурда бул өсүмдүктөр мөмө бере баштаган.

«Күнөсканада апельсин, лимон, мандарин, банан, кофе, грейпфрут, анар өстүрөм. Банандан башкасы мөмө берет. Апельсин менен мандарин азыркы учурда түйүп калды. Кофе кадимкидей базардан сатып алып ичкен кофедей болуп жатат. Гүлдөгөндө өтө сонун жыттанат экен. Бул өсүмдүктөрдү тоюп жейли деген максатта өстүргөн жокмун. Корообузда бардыгы өсүп турсун деп эле өстүрдүк. Колубуздан гүлдөп, бышып турса жакшы экен. Булардын көчөттөрүн шаардан сатып алып келгем. Күнөсканада өстүрүшөт экен. Банан азырынча мөмө түйө элек. Калган мөмөлөр бышты, жеп көрдүк. Буларды дагы мыктылап өстүрүүнү пландап жатам», - деди ал.

Гүлмайрам Карабаева акыркы учурларда гүлдөрдү кыйыштырууну дагы үйрөнгөн. Кыйыштырылган гүлдөр кымбат болот.

«Гүлдөрдүн деле өзүнүн баалары болот. Мисалы, кыйыштырылган гүлдөр кымбат болот. Мен өзүм азыр кыйыштырууну өздөштүрүп алдым. Мисалы, эң кымбат гүл бугенвиллея деген гүл. Бул гүл кыйыштырылган гүлдөрдөн. Гибискус деген гүл дагы кыйыштырылып, кымбат болот. Бул гүлдөрдүн атайын гүл челекке отургузулган 1 түбү 2-3 миң сомдон сатылат. Гүлдөрдүн арасында кышкысын гүлдөгөн гүлдөр дагы бар. Азалия, камелия гүлдөрү кышкысын гүл ачат. Кышында көрк берет», - деди ал.

Гүлмайрам айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×