Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Каракол суусунун жээгин бекемдөө зарыл

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Каракол шаарына барып, Каракол суусунун жээгин бекемдөө маселеси жеринде талкууланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин суунун көлөмү жогорулаган маалда Каракол суусунун жээгин суу алып кетүү коркунучу жаралып келген. Жергиликтүү бийлик Каракол суусунун сол жээгин бекемдөө негизги маселе экени айтты.

Каракол суусунун узундугу 45 чакырымды түзөт. Анын 450 метр жээгин бекемдөө зарыл. Бул жумуштар ишке ашса, 75 жашоочунун үйү, жайыт жерлер жана чарба курулуштары корголот.

Ал эми министр Замирбек Аскаров бул иштерди келерки жылы чечүү керектигин айтып, жергиликтүү бийликти каналдын жээгине бак отургузууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×