Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Ысык-Көл районунда селден коргонуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат?

Turmush -  20-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, кооптуу аймактарда аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Сары-Камыш айылында селден коргоочу дамбанын курулушу талкууланды. Учурда Сары-Камыш айылынын батыш тарабына 2450 метр жерге дамбанын уландысын куруу зарыл. Анын натыйжасында Балыкчы шаарынын, Сары-Камыш айылынын айдоо аянттары, Ананьев—Балыкчы унаа жолунун 5-чакырымы корголот.

Ошондой эле З.Аскаров Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын Чок-Тал айылынын түштүк-чыгыш тарабында ӨКМ тарабынан аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Аталган объектте жумуштар 10-майда башталган. Анын жыйынтыгында 20 турак үй жана бейит корголот.

Андан соң министр Чолпон-Ата шаарынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Тогуз-Булак каналынын III этабынын курулуш иштери менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×