Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-май

Түптөгү өлгөн жылкылар кайсы ооруга чалдыккан?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Түп райондук ветеринардык башкармалыгы Түп районуна караштуу Михайловка айылындагы жылкылардын ылаңы тууралуу маалымат берди.

18-майда социалдык тармактарга Михайловка айылында жылкылар ооруп, өлүп жатканы тууралуу видео тараган.

Түп райондук ветеринардык башкармалыктын инспекторлору жергиликтүү бийликтин адистери менен бирге иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Михайловка айылында жалпы 690 баш жылкы бар экендиги аныкталып, азыркы учурда айылда 160 баш жылкы багылып жатканы белгилүү болду. Калганы жайлоого чыгарылган.

Социалдык тармактагы видеодо Михайловка айылынын тургуну Б.А.га таандык жылкы болчу. 19-май күнү ооруган жана айыккан 4 баш жылкыдан паталогиялык материалдар алынып, республикалык ветеринардык лабораторияга жиберилип, жыйынтыгында жылкылардан ринопневмония оорусу аныкталды.

20-майдан баштап Михайловка айылындагы короо, сарайлар дезинфекцияланып, ринопневмонияга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүп баштады.

Мындан сырткары социалдык тармактарга көк айгыр ылаңдап, жыгылып, аны сойгондо ичеги-карындары канталап, көк боору чоңоюп кеткендиги боюнча дагы бир видео тараган. Бул видео боюнча да иликтөө жүргүзүлүп, көк айгыр Түп районундагы жылкы эместиги аныкталган. Мал ээси билдиргендей, жылкы тоюттан ууланып, ичеги-карындары канталап өлгөн.

Бүгүнкү күндө Түп районунда жылкылардын арасында ооруган же ылаңга шектүү малдар катталган жок. Республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу.

Жылкылардын ринопневмониясы – жылкылардын курч өтүүчү жугуштуу ылаңы. Оору калтыратма, коньюнктивит, дем алуу жолдорунун катаралдуу сезгенүүсү, бооз малдардын капысынан кулун салышы менен мүнөздөлөт.

Эпизоотологиясы:

Табигый шарттарда ринопневмония менен жылкы, эшек, качырлар жашына, тукумуна, жынысына карабастан ылаңдайт. Таза кандуу жылкылар жана 1 жашка чейинки жаш мал салыштырмалуу тезирээк ооруйт. Бодо мал, кой-эчки, чочко бул оору менен оорубайт, кишиге жукпайт. Инфекциянын козгогучу болуп ылаңдаган мал эсептелет. Вирус алардын канында, дем алуу жолдорунда, жыныс органдарында, каканак челдеринде өсүп, өрчүйт. Ылаңдын пайда болушуна жана таралышына жылкыларды көзөмөлсүз башка чарбалардан алып келүү, начар шартта багуу, сапатсыз тоюттарды берүү, өтө кыйноо жана башка жагдайлар түрткү берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×