Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.02.2020 09:21 На русском

Жети-Өгүздүн Аң-Өстөн айылындагы окуучулар спорт зал жоктугунан дене тарбия сабагын муз үстүндө өтүп жатышат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын Ыбрай Сооронбаев атындагы мектебинин окуучулары спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабагын кышында да эшикте өтүп жатышат.

Элеттин тургуну Акылбек Уметовдун айтымында, айылда 2000дей адам жашайт. 1938-жылы курулган мектепте 405 окуучу билим алып келет. Имараттын эскилиги жетип, четинен урап жатат.

Элеттиктер жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөнү менен ал каражат эч нерсеге жетпей жатканын айтышты. Учурда спорт зал куруу боюнча долбоор даяр. Бирок каражат жоктугунан бул маселе бир топ жылдан бери чечилбей келет. Айыл эли Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата мектепти оңдоо жана спорт зал куруу маселеси боюнча мамлекет башчысына кайрылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×