Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЧолпон-Ата 12.02.2020 18:03 На русском

Чолпон-Атадагы жаңы конушта электр мамылары коркунуч жаратууда, - жашоочулар

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы АЗС жаңы конушунун жашоочулары 10 жылдан ашык убакыттан бери электр мамыларын жана электр зымдарын тиешелүү деңгээлде жасата албай келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жыл сайын Чолпон-Ата шаардык мэриясына электр тармактарынын тиешелүү деңгээлде жасалышын өтүнүп, кат жолдоп кайрылышат. Бирок жыйынтык чыкпай келет.

Электр зымдары жана кабелдер оордугунан улам жерден 1-1,5 метр бийиктикте турат. Алардын жанында балдар ойноп жүрүшкөнүн көрүшкөндө районудук электр тармактары ишканасына кайрылышкан. Адистер зым, кабелдерди кайра калыбына келтиришкени менен электр мамычалары кыйшайып, чоң унаалар көп вольттуу зымдарга тийип калуу коркунучу жаралат.

Тургундардын айтымында, мэриядан быйыл каражат бөлүнүп, жумуштарды электр тармактары ишканасы жасайт. Жаңы конушта 100гө жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×