Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 12.02.2020 19:49

Караколдогу эс алуу багын оңдоо иштери башталды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы А.С.Пушкин атындагы эс алуу багында көп жылдык бак-дарактар кыйылып, алардын ордуна жаш көчөттөр отургузулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда 68 балатыны отургузуу үчүн жер даярдалууда.

Шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Эрмат Жумаев бул жылы эс алуу багында бир катар өзгөрүүлөр болорун билдирди.

«Эс алуу багындагы бак-дарак жана балатыларга 70 жыл болуптур. Өткөн жылы ирригация иштерин калыбына келтирип сугарсак, нымдуулуктан чирип, кулап баштады. Облустук драма театрдын алдындагы балатыларды эс алуу багына көчүрүп жатабыз. Ошондой эле 50 урна жана 40тан ашык отургуч орнотобуз. Жарыктандыруу жана тоо жак бетиндеги дубалды калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом сурап жатабыз», - деди Эрмат Жумаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×