Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 12.02.2020 14:51 Жаңыланды: 12.02.2020 18:03 На русском

«Ойгонбой калсам дечүмүн»: Россиядан келгенден кийин күткөн үй-бүлөсү жок, ата-энесин «таппай калган» тиш доктур

50 жаштагы Мирбек Тюпеев
50 жаштагы Мирбек Тюпеев

Turmush -  Каракол шаарынын 50 жаштагы тургуну Мирбек Тюпеев 30 жыл чет өлкөдө иштеп келген. Бирок 2018-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде аны күтүп алар ата-энеси, бир тууганы, үй-бүлөсү жана жашай турган турак жайы болбогонун билдирди. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде ичкиликке берилгенин жана башынан өткөргөн оор күндөрүн айтып берди.

М.Тюпеевдин айтымында, күчкө толуп турган кезинде билим алып, аскердик кызматын өтөгөн. Иштеген жумушу дагы бар болчу.

«Мен Каракол шаарында чоңоюп, Киров мектебин аяктагам. 1986-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумунда окуп, бир жылдан кийин Кавказда 2 жыл аскердик кызмат өтөдүм. 1989-жылы мекениме кайтып, иштеп жүрдүм. 1990-жылдары СССР ыдырап, өлкөнү кризис каптаганда Алматыга, андан соң Россияга (Челябинскке) барып, бир фирмада зергер болуп иштедим. 1994-1995-жылдары иштеген жерим жабылып калып, кайра Алматыга келдим. Ал жактан техникумда тиш дарыгердин окуусун окуп, андан тышкары иштеп, акча таап, казак кызына үйлөндүм», - деди ал.

Мирбек мырза жаш кезинде үй-бүлө күтүп, бир кесиптин ээси болуп, 1 балалуу болгондон кийин турмушу бузулуп, тагдыры кайра Россияга жетелегенин айтты.

«Каракол шаарында жашап, чоңойгонум менен бакма бала экенимди билип, ыза болуп, чет өлкөдөн үй-бүлө куруп, өз алдымча жашоону чечтим. Келинчегим чет тили боюнча жогорку билимдүү болчу. Турак үй сатып алып, уулду болгондон кийин дагы кош бойлуу болгон. Келинчегим билимин жогорулатуу максатында Америкага окууга барып, ошол бойдон кайтып келген жок. Угушума караганда кош бойлуу келинчегим АКШда кыз төрөп, бирок башка адам менен турмуш куруп алыптыр. Мындай кабарды укканда ишенгим келген жок. Ичкиликке берилип, үйүмдү балама мурас катары таштап, Россияга кетип, уулуман да кабар албай калдым. Россияда тиш дарыгер катары эмгектенип жүрдүм. Мигрант жердештер көп эле. Айрымдары алсыз, акчасы да жок тиш оорунун азабын тартып, жаагы шишип кеткендерди көрдүм. Ошол учурда клиниканын жетекчилигин көндүрүп, жердештерге кайрымдуулук жасадым. Россияда жашап жүргөндө дагы бир келин менен жарандык никеге турдум. Бирок турмушубуз көпкө созулган жок», - деди Мирбек Тюпеев.

Ал экинчи жолу ажырашкандан кийин 2005-жылы жашаган жеринен өрт чыгып, паспорту, керектүү документтери күйүп кеткенин билдирди.

«Жумушка кеткен учурда жашаган жеримен өрт чыгыптыр. Документтерим күйүп, күл болуп калыптыр. Айрыкча паспортуң жок болсо эч жакка баралбай, кыйналат экенсиң. Мекениме кетип калайын деп аракет кылганым менен майнап чыкпады. Ал жактан селсаяктын кейпин кийип, 10 жылдан ашуун паспортум жок далай кыйынчылыктарды көрдүм. Ичкиликке берилип, бөтөн жерде көз жумуп талаада калбайын деп ойлонгонум менен катуу ооруга чалдыктым. Бир ажалдан аман калып, айыгып, өзүмө ичпейм деп сөз бердим. Анан жердештердин жардамы менен Казакстандын Россиядагы элчилигине барып, мурда Алматыда иштеп, окуп, документ алганымды айттым. Элчилик маалым кат жазып берип, Алматыга жиберип, ал жактан Кыргызстандын элчилигине барып, 2018-жылы ырайым кылуу менен кыргыз чек арасынан өткөрүштү», - деди Мирбек Тюпеев.

PHOTO-2020-02-11-20-53-25

Бирок Каракол шаарына келген М.Тюпеев барар жери, күткөн үй-бүлөсү жок эшикте калып, депрессияга кабылганын кошумчалады.

«Ѳзүм туулуп, өскөн мекениме келгенде мени тосуп алчу ата-энем, бир туугандарым жок абдан жаман абалга туш болдум. Асыранды бала болгондуктан бир тууганым жок эле. Караколго келсем, ата-энемдин көзү өтүптүр, ал эми биз жашаган үйдү туугандарыбыз өздөрүнө өткөрүп алыптыр. Жакшы тилегим, үмүтүм кайрадан өчүп, 6 ай тынымсыз арак ичтим. Күндүз жалданма жумуштарда иштесем, кечкисин бак-дарактын түбүнө, жер төлөлөрдө картон кагаздарды төшөнчө кылып уктачумун. Менде кечинде арактан көп ичип алып, эртеӊ менен ойгонбой калсам деген бир эле ой бар болчу. 2019-жылдын декабрь айында Каракол шаарынын четиндеги Жаӊы-Арык деген айылга барып, 3 бала менен иштеп, 1,5 миӊ сом таап, дүкөнгө кирип чыксам 3 жигит сабап, акчамды тоноп кетишти. Эс-учумду жоготуп, кулап калыптырмын. Милиция тез жардам чакырып, облустук бириккен ооруканага алып барышыптыр. Ошол жакта 2 суткадай комада жатып, эсиме келиптирмин. Ооруканада документтерим, жакындарым да жок экенин айтсам, убактылуу баш калкалоочу жайга алып барышты. Эки айдан бери үй-жайсыз адамдардын борборунда жашап жатам. Ичер суум бар экен, бул жактан ичкиликти таштап, кайрадан жашоого үмүтүм жанды. Азыр 50 жашка таяп калдым. Өзүмө ылайык келген жар табылса, баш кошуп, балалуу болсом, өзүм каалаган тиш дарыгер болуп иштесем деген кыялым бар. Документтеримди калыбына келтирип берүүгө Каракол шаардык мэриясынан жардам сурайм», - деди М.Тюпеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×