Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 12.02.2020 13:28 На русском

Өзүнөн 35 жаш кичүү кызга баш кошкон мугалим, тоюнда ажырашкан кыз-жигит: Караколдогу окуялардын чоо-жайы

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Жылдыз Акунова Мамлекеттик каттоо кызматынын ЖААК (жарандык абалдын актыларын каттоо) бөлүмүндө 8 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Түп районунун Түп айылында чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин юридикалык кесиптин ээси болгон.

«Окуумду 2006-жылы аяктап, облустук юстицияда катчы болуп эмгектенгем. Ал ортодо декреттик өргүүгө да чыктым. Бир катар тажрыйба топтогондон кийин ЖААК кызматына орноштум. Бул кызмат 2012-жылга чейин юстиция башкармалыгынын карамагында болчу. 2012-жылдан тарта ЖААК кайра Мамлекеттик катоого карап калды.

Студент кезде өзүм каалаган адам менен турмуш куруп, учурда 4 уулдун апасы болдум. Жолдошум милиция кызматкери. Менин жумушумду түшүнүү менен кабыл алат», - деди ал.

Жылдыз айым буга катар эле жумушундагы эсте калган учурларды эскерди.

«Биздин жумушубуз жоопкерчиликтүү. Биз КРнын жараны болгон ар бир адамга төрөлгөнү, турмуш куруп, балалуу болуп, каза болгонго чейинки документтерин беребиз. Айрым учурда таӊ калычтуу окуялар туш болобуз. 2015-жылы күз айында Караколдун тургуну өзүнөн 35 жаш кичүү кызды ээрчитип, үйлөнүү жөнүндө нике күбөлүгүн алууга келди. Жакындан тааныша келгенде ал адам жогорку окуу жайда билим берген өзүмдүн тааныш агайым болуп чыкса болобу. Агайым менден уялып, өзүнүн биринчи никесиндеги колуктусу көз жумгандыгын айтып ичинен оӊтойсуз абалда болду. Билишимче азыр алар бала-чакалуу болуп жашап жатышат.

2018-жылдын август айында күндөгүдөй эле өз ишимди аткарып, кечке маал Каракол шаарындагы тойкананын бирине барып, жаӊы үйлөнүп жаткан жаш жубайларга нике күбөлүгүн тапшырмак болуп жаткам. Кечке маал чачымды жасалгалап, кийим-кечемди кийип даярданып жумушумда күтүп отургам. Эки жаштын туугандары тойканага чакырылган меймандар келип жайгашканын айтып, жубайлар «Жар-жар» ыры менен кирүүгө даярданып жатканын айтышты. Анан мен камданып тойканага барайын деп жаткан учурда 2 мүнөткө жетпей той ээлери чалып, бала менен кыз уруша кетип, той болбой калганын кабарлашты. Эми бул жакта ата-эненин үлпөт тойго болгон убарасы, чыгымын эстеп бир кейип алдым.

Каракол шаарындагы ЖААК кызматында 2 адам эмгектенгендиктен күз айларында тойканада үлпөт тоюн өткөргөн жубайларга нике күбөлүгүн тапшырууга жетишпей калабыз. Мисалы сыртка чыгуу деп эсептелген иш-чаралар бир 1 саатта 5 башка жерде уюшулуп калат. Бул учурда мен жана кесиптешим экөөбүз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшаганга аракет кылабыз. Мындан 2 жыл мурун ушундай шашылыш кырдаалдардын бир мезгилинде кызыктуу окуяга кабылгам. Караколдогу тойканага барып, эки жаштын никесин каттап, «шакегиӊерди алмашыкыла» дедим. Күйөө жигит элден толкунданып кеттиби же түшүнбөй калдыбы айтор, келинчегине сала турган шакекти менин колума сала жаздап элди бир сыйра күлдүргөн.

Жумушумду кайгылуу, ыйлаган күндөр да болот. Эӊ оору – адамдардын өмүр менен кош айтышы кетүүсү, маркумдарга кара кагаз берүү. Жакындарына көӊүл айтуудан башка эч нерсе дей албайбыз», - деди Жылдыз айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×