Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 11.02.2020 18:23

Иштебей турган даяр насос жана аз кандуулук: Кош-Дөбө айылындагы көйгөйлөр

Кош-Дөбө айылындагы мектеп
Кош-Дөбө айылындагы мектеп
// Turmush

Turmush -  Түп районунун Арал айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылында 630 адам жашайт. №34 Ш.Тезеков атындагы башталгыч класстардын мектеби бар. Мектеп 4 жылдык гана билим бергендиктен 75 окуучу коңшу Долон жана Арал айылындагы мектепке атайын дайындалган унаа барып келип, билим алышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдагы башталгыч мектепте 8 мугалим эмгектенет. Мектептин ичи жылуу. Ашканада күн сайын тамактар жасалып, окуучуларга берилип турат.

Аймактык кабарчы аталган мектептке барган учурда окуучулар кызылча кошулган таттуу токоч жеп жатканына күбө болду. Айылдагы ФАПтын башчысы Чынара Балчакованын айтымында, аталган айылда буга чейин аз кандуулук менен ооруган энелердин жана балдардын саны көп катталган. Ошондуктан бул ооруну алдын алуу боюнча дарыгерлер тарабынан бир катар иштер жүргүзүлгөн.

«Биздин айылда 2019-жылы аз кандуулук менен ооруган он адам каттого алынган. Аларга убагы менен дары-дармектерин берип, аз кандуулук менен ооругандардын саны 5ке кыскарды. Каны аз энеден каны аз бала төрөлөт эмеспи. Биз бул ооруну алдын алуу үчүн мектепке барып турабыз. 2017-жылы 210 миң сомго ашканага керектүү каражаттардын бардыгы алынган. Балдардын туура тамактануусуна көзөмөл жүргүзүү менен келечекте алардын ден соолугунун чын болушуна өбөлгө түзөбүз. Ал эми айылдагы кош бойлуу айымдар каттоодон өтүү менен бала үчүн керектүү болгон витаминдерди ичип жатышат», - дейт Чынара Балчакова.

Ал эми Арал айылдык кеңешинин депутаттары Саманчы Курманбаев менен Самара Абыкеева айылдагы айрым маселелер ашар жолу менен чечилип жатканын айтышты.

«Жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн сугат суубуз жолго коюлбай келет. 2017-жылы курулган суу насосу калкты сугат суу менен камсыз кыла элек, себеби суу насосун же райондук суу чарбасы же Арал айыл өкмөтү өз балансына албай, даяр насос иштебей турат», - дешти алар.

Ошондой эле депутаттар мектепти 9 класстык кылууну көздөп жатышканын айтышты.

Айылда таза суу ар бир үйгө киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×