Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.02.2020 16:18 На русском

Тагдыр: Ак-суулук эже-сиңди окшош ооруга чалдыгып, бирөөсүнүн көзү көрбөй калды. Сүрөт

Жылдыз Кусеинова
Жылдыз Кусеинова

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылынын тургундары — эже-сиңди Кусеиновалар гемодиализ (атайын аппараттын жардамы менен кан тазалоо) аркылуу дарыланышат. Учурда Кусеиновдордун үй-бүлөсү элдин жардамына муктаж болуп жаткан чагы. Бул тууралуу эже-сиңдинин бир тууганы Амангүл Кусеинова билдирди.

Анын айтымында, улуу эжеси Эркингүл 1968-жылы туулган. 10 жылга жакын убакыттан бери гемодиализ аркылуу дарыланып келет. Экинчи эжеси Жылдыз гемодиализден сырткары кант диабети менен жабыркап, көзү көрбөй калган.

«Экөө тең күн алыс гемодиализге барышат. Мурда аябай кыйналышчу. Азыр гемодиализ менен дарылангандарды мамлекет толук көзөмөлгө алып жатпайбы, жеңилдик болуп калды. Бирок айылда жашайбыз да. Барып-келген акча деле көп болуп кетет. Жылдыз эжемдин бир көзүнө кан толуп, операция жасатууга 5 миң доллар керек экен. Операцияны Бишкектен түрк дарыгер жасайт экен. Мынча каражат жок болгондуктан, кайрымдуу элден жардам сурап жатабыз», - деди Амангүл Кусеинова.

Жылдыз Кусеинованын эки баласы бар.

«Кызы апасына жардам берем деп Россияда иштеп жатат. Уулу 4-класста окуйт. Жездем эжемди өзү бакчу. Учурда акча керек болуп жаткандыктан иштеп жатат. Эжем мени менен Боз-Учук айылында жашайт», - деп кошумчалады Эркингүл Кусеинова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×