Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.02.2020 13:29

Ак-Суунун Отрадное айылындагы окуучулары муз үстүндө мелдешке түштү

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылындагы М. Калиев мектебинин окуучулары муз үстүндө мелдешке түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, муз үстүндөгү мелдеш эстафета түрүндө өтүп, ага 5-класстан 10-класска чейинки окуучулар катышты.

«Мелдешти балдарды сергек жашоого үндөө максатында өткөрдүк. Бизде кыздардын хоккей командасы да бар. Алар менен тең тайлаша башка окуучулар да хоккей ойноту. Мыктылар грамота жана белектер менен сыйланышты. Февраль айынын аягында хоккей боюнча республикалык мелдеш да өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз», - деди айыл өкмөт башчысы Салтанат Сагындыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×