Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуБалыкчы 11.02.2020 12:26 На русском

Бош калган флагшток. Балыкчынын кире беришиндеги мамлекеттик туу каякта? Сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарынын кире беришиндеги айлампа жолдо дайыма желбиреп турган мамлекеттик желек жок. Бул тууралуу Балыкчы шаарына конокко барган Токтакан Таштанова билдирди.

Ал бош турган флагштоктун сүрөтүн тартып жөнөткөн.

«Кыргыз мамлекетинин туусу Ысык-Көлдүн эшиги болгон Балыкчы шаарына кирип келе жатканда желбиреп турчу. Конокко баратып желек жок экенин көрдүм. Мамлекеттик туу каякта?», - деп суроо салды Т.Таштанова.

Балыкчы шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кыш айларында катуу шамал болгондуктан буга чейин мамлекеттик желек бир нече жолу айрылып, шамал учуруп кеткен.

«Ошол себептен мамлекеттик туу кеч күздө чечилип алынган. Күн жылыган маалда тагылат», - деп билдиришти мэриядан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×