Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 10.02.2020 16:37 На русском

Ысык-Көлдө 3 офицерди ардактуу эс алууга узатышты (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы милициянын 3 кызматкерин ардактуу эс алууга узатты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-февралда милициянын подполковниги Көлбай Баянов, майор Алмаз Акчубаков жана милициянын капитаны Клара Жайлообаеваны ардактуу эс алууга узатуу салтанаты өттү. Алгач салтанатта ардактуу эс алууга чыгып жаткан милиция кызматкерлеринин ички иштер органында басып өткөн эмгек жолу тааныштырылды. Андан кийин Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев куттуктады.

«Катардагы милиция кызматкеринен баштап офицер болууга чейин татыктуу жетише алдыӊар. Мекендештерибиздин коопсуздугун сактоодо кайсы гана убакыт болбосун жоопкерчилик менен салым кошуп келгениӊерди жакшы билебиз жана ошол эмгегиӊиздер менен сыймыктанабыз. Эми сиздердин алдыӊыздарда турмуштун жаӊы барагы ачылууда», - деди ОИИБдин башчысы.

Салтанаттын соңунда ардагерлерге ички иштер органынын ардагеринин күбөлүктөрү жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×