Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 10.02.2020 13:13 На русском

Ысык-Көлдө айылдык фонддорго чогулган 214,7 миллион сом же сыйлыкка унаа алган жетекчи. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда элеттеги инфраструктураны өнүктүрүү максатында 2019-жылдын жыйынтыгы менен 144 айылда айылдык фонддор негизделген. Анын жыйынтыгында айылдык фонддун ишин өнүктүрүп, натыйжалуу иш алып барган 4 айыл өкмөт сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөттөр облустун жетекчилиги тарабынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, 2019-жылы жергиликтүү жашоочулар жана демилгечи топ тарабынан айылдык фонддорго жалпы 214,7 миллион сом чогултулган. Чогулган каражаттар айыл өкмөттөрдүн инфраструктурасын оңдоого, социалдык жана материалдык муктаждыктарды чечүүгө жумшалат.

«Алдыӊкы айыл өкмөттөрдү сыйлоо айылдык фонддун андан ары иштеп кетүүсүнө дем берет», - деди А.Осмоналиев.

Сыйлык алган айыл өкмөттөр:

- 1-орун — Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Жумашев Жыргалбек Кубанычбекович, кубок жана жеңил автоунаа тапшырылды;

- 2-орун — Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбеков Адилет Акушевич, 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды;

- 3-орун — Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыров Асылбек Бердибекович жана Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы Шаршеев Урмат Бактыбекович, ар бирине 30 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×