Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 08.02.2020 10:15

Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартиптеги иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлери унаалардын айдоочуларына жыйындарды уюштуруп, ашыкча адамдарды салбоо, ылдамдыкты сактоо боюнча эскертүүлөрдү берип жатат. Унаа менен иштеген мекемелердин жетекчилерине айдоочуларга жол эрежелери тууралуу сабактарды тынымсыз өтүп туруу милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×