Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.02.2020 17:42 Жаңыланды: 06.02.2020 22:42 На русском

Жеңеке: Бермет Арстанбекова жолдошу менен көшөгөдөн таанышкан

Turmush -  Жеңеке рубрикасынын кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 60 жаштагы тургуну Бермет Арстанбекова. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде күтүүсүз жерден турмушка чыгып, бактысын тапканын айтып берди.

Бермет Арстанбекова жолдошу экөө 35 жыл бирге жашап, 5 баланы тарбиялап, эрезеге жеткиришкен.

«Окууну аяктагандан соң бухгалтердин окуусун окуп, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүндө бухгалтер болуп иштеп калдым. Анан шаардык суу чарба башкармалыгына которулуп, иштеп жүргөм. Ал жерде жолдошумдун досу иштечү экен. Күйөө деген ойдо жок жүргөндө ала качып кетишти. Ошентип көшөгөнүн артынан түбөлүк жолдошумдун аты Сагындык экенин билдим. Таш түшкөн жеринде оор деп калып калдым. Башында көнбөй жүрдүм. Бизге улуу муун үй-бүлөнүн очогун сактап, эркек кишини сыйлап, балдарга туура тарбия берүүнү үйрөткөн да. Үй-бүлөдө идиш-аяк кагышпай койбойт. Өзүм балдар үйүндө өскөндүктөн балдарым атасыз калбасын деп ойлончумун. Таарынып калганда жолдошум кечирим сураса, таарынычымды унутуп калчумун. Бири-бирибизге чыдап, балдарды чоңойттук. Азыркы жаштардай так кесе чечим чыгарсак, балдар ар кайсы жерде калат беле, ким билет? Азыр абышкам экөөбүз сыйбыз», - деди Бермет апа.

Ал пенсия курагында болсо да коомдук иштерге активдүү катышып келет.

«Айылдык ден соолук комитетинин төрайымы болгом. Жайыт комитетинин мүчөсүмүн. Улуттук Кызыл Ай коомунун айылдагы бөлүмүн жетектейм. Айылда өткөн иш-чараларга катышам. Долбоор жазып, айыл өкмөткө да жардам берем. 2017-жылы долбоор жазып, айылдагы борбордук көчөнү жарыктандырууга 500 миң сом утканбыз. Активдүү айымдар менен бир катар иштерди бүтүрөбүз. Айылдын жогору жагында саз пайда болуп, тургундардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратып келген. Долбоор жазып, сазды да кургаттык. Бул ишим үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйландым. Ийгилигимдин баары жолдошумдун колдоосу менен болду», - дейт Б.Арстанбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×