Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.02.2020 13:41

Жети-Өгүздө ири өлчөмдөгү баңгизат сактоого шектелген 46 жаштагы адам кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ири өлчөмдөгү баңгизат сактоого шектелген 46 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, январь айынын аягында Жети-Өгүз районунда Кепа аттуу адам үйүндө ири өлчөмдө баӊгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштери учурунда кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, ал Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Д.К. экендиги такталды. Анын үйүн тинтүү учурунда сарайынан жана жер төлөсүнөн 8 данаа 5 литрлик желим идишке жана желим баштыкка салынган зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал 10 кг 385 гр салмактагы марихуана экендиги такталды.

Аталган факт боюнча Жети-Өгүз РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү Д.К. үй камагында кармалууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×