Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 05.02.2020 08:55 На русском

Сүрөт — Түптө 1 миң 200 түк чөп өрттөндү

Turmush -  Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында 1200 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубанычбек Коңурбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Чоң-Тогузбай айылынын 2 тургуну жашап жаткан кашардагы чөп өрттөнгөн. Өрт чыккан мезгилде эки үй-бүлөдө тең чоң адамдар болгон эмес.

Өрт балдардын шоктугунан улам чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр кашарды жана Э.К.га тиешелүү чөптү сактап калышты. Кашарда жалпы 2100 түк чөп бар болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×