Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.02.2020 11:07 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Сулайка Осмонканованы чачынан тарткан окуучусу кандай жаза алган?

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бает айылынын 53 жаштагы тургуну Сулайка Осмонканова математика сабагынан билим берип келет. Ал жумушундагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

Педагог айым 1987-жылы Каракол шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктаган.

«Эмгек жолумду Чоң-Сары-Ой мектебинде математика мугалими болуп баштагам, андан кийин пионер отрядынын башчысы (пионер вожатый) болуп эмгектенгем. 1992-жылы Бает айылында бала бакча мектеп болуп ачылып, 1993 жылы мектепте физик мугалим болуп иштей баштадым. 2000-жылдан тарта директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары жана математика мугалими болуп эмгектенип жатам. Педагогикалык эмгек тажрыйбам — 33 жыл.

Учурда билим берүү тармагында канчалаган долбоорлор бар. Аларды окуп, сабакта колдонобуз. Биринчиден, балдардын кабак-кашын карайм. Анан балдарга жагымдуу маанай каалап, "күнүңөр ийгиликтүү болуп, ата-энеңерди сүйүнтүп, жакшы баа алышыңарды каалайм" деп сабак өтүүнү баштайм. Сабакта интерактивдүү усулдарды колдоном. Окуучуларды топ-топко бөлүп, кээде сабакты оюн түрүндө өтөм. СССР убагындагы усулдар да колдонулат», - деди Сулайка Осмонканова.

Ал жаңы мугалим болуп иштеп баштаган кезин эске салды.

«Чачым узун болчу. Бир окуучу чачымдан катуу тартканда чочуп кетип, бурулуп туруп чапканымды эстейм. Азыркы убактагы окуучу кандай кабыл алат эле билбейм. Себеби азыркы окуучулар укугун билишет, бирок милдетин унутуп калышат.

Бир жолу сабакка кирсем тактанын бир жагы түшүп калыптыр. Окуучу баланы урушсам, калган балдар дуу күлүштү. Көрсө менин кызым экөө класста чуркап ойношуптур. Унчукпай калдым. Өз балаң окуп жаткан класска сабак берип жатканда этият болуш керек экен», - деди педагог.

Ал 5-класста окуган окуучуларга сабак берет.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган бир сонун кыз бар. Аны балдар көбүнчү этибарга алышпайт. Биринчи чейректе ал кызга 4 деген баа койсом, аябай таң калышты. Ал кыз мени сабакта аябай күтөт, аракетине карап баа койдум. Башталгыч класста орто окучу экен. Бош убакта китеп окуганга аракеттенем. Бирок чынын айтсам убакыт жетпейт», - деди Сулайка Осмонканова.

Педагог райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 3 кыз, 1 уулдун энеси. Жолдошу дыйкан чарба менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×