Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 03.02.2020 09:52

Эли Түпкө, жери Сары-Булакка карап, арабөк калган маслозаводдуктар

Turmush -  Түп районундагы Маслозавод айылынын эли Түп айыл өкмөтүнө, жери Сары-Булак айыл өкмөтүнө карайт. Аймактын айыл макамы, бирдиктүү аталышы да жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Ыйманбай Одоконов билдирди.

Анын айтымында, СССР убагында Маслозавод айылын Пристань деп аташчу.

«Пристань менен сүт заводу иштеп турганда айылга келип, жумушка орношуу кыйын болчу. СССР тарагандан кийин айылдын жери Сары-Булак айыл өкмөтүнө, эли Түп айыл өкмөтүнө карап калды. Маслозавод—Пристань айылында 50 түтүн, 160 адам жашайт. Дагы жакшы, 70 баланы Түп айыл өкмөтү сатып берген кичи автобус менен мектепке алып барып, кайра алып келип турушат. Бизде андан башка деле шарт жок. Электр жарыгы бар. Жакында жаңы трансформатор, электр мамыларын орнотуп беришти. Ал эми калган эскилиги жеткен электр мамылары чирип, катуу шамал болсо кулап калуу коркунучунда.

Жакында эл каттоо башталганы жатат. Бизди Түп айыл өкмөтүнө да, Сары-Булак айыл өкмөтүнө да каттайбы? Бизди дайыма шайлоо учурунда эстешет. Шайлоо бүткөндөн кийин биздин көйгөйдү эстемек турсун, учурашып кеткенге жарашпайт. Арабөк калган айылыбыз качан айыл статусуна, азан чакырган аталышына ээ болот?», - дейт Ы.Одокозов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×