Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.02.2020 22:14

Жаш талант: Жанболот менталдык арифметика боюнча алдына ат салдырбайт

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын 10 жаштагы тургуну Жанболот Барыктабасов так илимдерге кызыгат. Өзүнүн айтымында, ал Орузбай Жумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинде окуйт.

«Мен 1-класска баргандан баштап эле математика сабагына кызыгып келем. Ошондон улам 3-класстан баштап менталдык арифметика боюнча кошумча билим ала баштадым. Менталдык арифметика боюнча райондук сынакта 2-орунду алгам. Ошондой эле облустук турдан өтүп, республикалык турга жолдомо алгам. Учурда ага даярданып жатам.

Окуудан тышкары устачылык, сүрөтчүлүк өнөрүм бар, кагаздан ар түрдүү буюмдарды эрикпей жасайм. Жакындан бери баян черткенди үйрөнүп жатам. Математика, адабий окуу, кыргыз тили, сүрөт, дене тарбия сабактарын жакшы көрөм. Спорт боюнча футболду жакшы көрөм. Келечекте юрист болсом дейм», - деди Жанболот.

Ал 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×