Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.01.2020 22:10 На русском

Ысык-Көл районунда мигранттардын туугандарынын колунда калган 203 бала бар

Turmush -  Ысык-Көл районунда мигранттар жакындарына жана ата-энелерине калтырып кеткен балдарга карата рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейд зордук-зомбулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жарыяланган 2 айлыктын алкагында уюштурулган. Алгач Кумбел айыл өкмөтүндө тиешелүү адистер Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Мукамбаева менен мигранттардын балдарынан кабар алышты.

Ысык-Көл районунда чет өлкөдө эмгектенген 1406 мигрант каттоого алынган. Алардын ичинен 435 адам ички мигранттар болсо, 971 жаран чет өлкөгө кетишкен. Каттоого алынган 203 бала учурда жакындарынын колунда жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×