Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.01.2020 13:37

«Ысык-Көл айымдары» фольклордук тобу элдин маанайын көтөрүүдө. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунда 13 жыл мурун уюштурулган «Ысык-Көл айымдары» элдик фольклордук ансамбли аймактагы айыл тургундарына концерт тартуулап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган топтун жетекчиси Тилек Маткеримованын айтымында, жаңы концерттик программа элге позитивдүү маанай тартуулоо максатында уюштурулган.

«Ансамблдеги 12 апанын эң улуусу 80 жашта болсо, кичүүлөрү 60 жаштан өткөн. Алар концертте ырдап-бийлешип, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, улуттук аспаптарда элдик ырларды аткарышты. Ошондой эле, көйгөйлүү маселелер камтылган күлкүлүү оюн-зоокторду аткарышты. Элдин маанайын көтөрүүгө арналган концерт акысыз өтүүдө», - деди топтун жетекчиси Тилек Маткеримова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×