Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.01.2020 20:28

«Үйүр карышкырдын үстүнөн чыктым»: Мергенчи Э.Асылбековдун окуялары

Turmush -  Жети-Өгүз районун Барскоон айылынын тургуну Эрмек Асылбеков 4 жылдан бери карышкырга аңчылыкка чыгат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1972-жылы туулган. 11 бир туугандын эң кенжеси.

«Ата энем Барскоон айылына караган Караколка деген жайлоодо мал бакчу. Анан кичинемден тоо койнунда чоңойдум. Кийин ата жолун жолдоп, мен дагы мал менен алектенип калдым. Мал багууда кышкысын карышкыр эң чоң душман. Короого кирип, малды колдон талашат. Анан 4 жыл мурда мергенчилик кылууга уруксат алып, мылтык сатып алдым. Ошондон бери карышкырга гана аңчылык кылам», - дейт ал.

Ал ушул убакытка чейин 10дон ашык карышкыр атканын айтат.

«Негизи карышкырды атуу оор. Бул жырткыч өтө акылдуу болот. Бирок анын амалкөйлүгү мергенге да дем берет. Алдын ала ойлонуп, ыкмачы боло баштайсың. Бир жолу үйүр карышкыр малга кол салып жатканда үстүнөн чыктым. Бир топозду тамактап, жеп жатышыптыр. Карасам, 7 карышкыр жүрөт. Анан унаа менен аларды кууп барып, эки сааттын ичинде үч карышкырды атып алгам. Ошол эң жолдуу күнүм болгон. Көп эле мергенчилер «карышкырдын колдооочусу болот. Оңой менен ата албайсың» деп айтып калышат. Кээде мылтык жок жүргөндө алдыңан чыгып калат, бирок качпайт.

Бир жолу түнкү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынан келе жаткам. Анан Эшперов айылынын үстү жагынан унаам менен бара жатып, карышкыр сүзүп алдым. Аны унаага жүктөп, андан ары жолумду уладым. Кээде атайын аңчылыкка чыкканда колго түшпөй, унаа менен келе жатканда алдына кире качканы таң калтырган», - дейт мергенчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×