Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЧолпон-Ата 24.01.2020 17:15

Ысык-Көлдө тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, эки адам жабыркады. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыкка кабылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Бүбайым Жээнбаеванын айтымында, 24-январда саат 12:30 чамасында Булан-Сөгөттү айылынан чакыруу түшкөн. Саат 12:45те тез жардам унаасынын айдоочусу жол кырсыкка кабылганын маалымдаган.

«Жол кырсык Булан-Сөгөттү айылынын батыш тарабында болгон. Учурда айдоочу жана медайым жандандыруу бөлүмүндө. Алардын абалы канааттандырарлык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×