Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуКемин району 23.01.2020 11:59 На русском

Эки кызды жалгыз өстүрүп, жакшылык көрөрдө короодо көз жумган кеминдик ата тууралуу баян

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кемин РИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Дүйшөнбек кызы Нурсулуу чоӊ атасынын жолун жолдоп, бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданчу.

Дүйшөнбек кызы Нурсулуу 1994-жылы 21-декабрда Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир уулдун апасы.

Атам болбосо...

- Атам менден бир жаш улуу Айсулуу деген эжем экөөбүздү өмүр бою жалгыз чоӊойтту. Атам менен апам биз окуй элек кезибизде эки жолго түшүп кетишкен. Биз атабыз менен калганбыз. Бизди эч нерседен кем кылбай багып, жогорку окуу жайда окутуп, экөөбүздү теӊ турмуш жолубузга узатты. Бир сөз менен айтканда, атам башка аял алып жашоосун курбай, болгон өмүрүн бизге кыздарына арнады. Тилекке каршы 2019-жылы сентябрь айында каза болду. Бизди бутубуздан тургузуп коюп, жакшылыктарыбызды көрөрдө өтүп кетти.

Мен балам менен айылга барып калсам, атам: «Балаӊ чоӊойсо эле жумушка чык. Жумушуӊду таштаба. Мен сага ишенем, сенден мыкты кызматкер чыгат. Сен дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырасыӊ» деп көп айта берчү. Атам болбосо көп кыйынчылыктарды жеӊе албайт болчумун. Жумушта ар кандай кыйынчылыктар болот. Жакшы-жаман сөз угасың, моралдык жактан чарчайсың. Ушундай күндөрү атам мени сооротуп, колдоп, арка-жөлөк болду. Ал апанын милдетин да аткарды. Кеӊешчим, досум, мугалимим да болду. Дүйнөдөгү эӊ мыкты адам эле.

Атам көз алдымда узап кетти

- Атам 2015-жылы инсульт алган. Андан кийин дайыма дарыларын үзбөй ичип, жакшы эле жүргөн. Айылдагы жумуштарды жасап, тыӊ эле болчу. Ошол каза болор күнү короодогу картошкаларды казган. Андан мурунку күнү да менин жолдошум барып, жардам берип, экөө чогуу картошка казышкан. Жолдошум кечинде кетип баратканда «эртеӊ Нурсулуу келеби?» деп мени аябай сураптыр. Жолдошум келип эле, «эртеӊ сен дагы бар. Баланы алып, чогуу эле баралы. Атам сени сурап жатат» деди. Эртеси күнү барып, кечке чейин картошкасын казыштык. Эч кандай кыйналбай эле ары-бери басып жүрдү. Анан небересин көтөрүп эркелетип, ойнотуп жаткан. Өлүм тууралуу ой башыма такыр келген эмес.

Короодогу алма бактан кыпкызыл алмаларды терип келди. «Ата, жөн эле койбойсузбу» десем, «ой, жегиле, силер үчүн үзүп келдим» деди. Ошол күнү кечке өзүнүн башынан өткөн окуяларын айтып берди. Кечке маал короо жактан басып келе жатып жыгылып калды. Менин колумдан кетип калды. Эч нерсе кыла албай, сактап кала албай калдым. Тез жардам келди, бирок баары кеч болуп калды. Акыркы сөздөрү менин жумушум тууралуу болгон. «Жумушуӊду таштаба, дагы көп ийгиликтерге жетишиӊ керек» деп кайра-кайра айткан болчу.

Бизде эркек бала жок. Атам мени «ушул сен эркек бала болуп калсаӊ болмок. Мүнөзүӊ да эркек баладай» деп айтчу. Мектепте дагы баары эле мени эркектей жүрөсүӊ деп айтышчу. Аял киши менен тил табышуу кыйын болчу. Эркек балдар менен тез дос болуп кетчүмүн.

Чоӊ атамдын изи менен...

- Кичине чагымда эле милиция кызматкери болом деп кыялданчумун. Чоӊ атам Шарабидин Имангазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согуштан келгенден кийин милиция кызматкери болуп эмгектенген экен. Жыл сайын 9-майда милиция кызматкеринин формасын кийип, айылдык парадга катышчу. Анын төшүндө тагылган төш бегилер баскан сайын күндөн жалтырап турар эле. Ал кылмыштуулук менен күрөшкөн окуяларын айтып берчү. Алар азыркы күнгө чейин эсимде. Ошол бала кезде эле чоӊ атамдай болуп мекенди коргоп, кылмыштуулук менен күрөшөм деп алдыга максат койгом.

Эмгек жолум

- 2011-жылы мектепти аяктап жатканда менде кесип тандоо боюнча суроо да болгон жок. Милиция кызматкери болом деп, ИИМдин Академиясына барууга даярданып жаттым. Атам Дүйшөнбек Имангазиев мени аяп, «башка окуу жайга барбайсыңбы. Бул кесип аябай оор, кылмышкерлер менен кармашасыӊ, күндөп-түндөп жумушта жүрөсүӊ, туура чечим кабыл ал» деди.

Ошентип 2011-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебин аяктап, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясына 1-курска ийгиликтүү кабыл алындым. 2016-жылы Кемин районунда эмгек жолумду баштадым. Анда, Кемин РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп дайындалдым. Бир жыл иштеген соӊ, 2017-жылы ага тергөөчү болдум. 2 жылдын ичинде Кемин РИИБдин башчысынан бир нече ардак грамота, ыраазычылык баракчаларды алдым. 2017-жылы кесиптик майрамга карата ички иштер министринен ыраазычылык баракчасын алдым.

Эстен кеткис окуя

- Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жаӊы эле кызматка кирип, иштегениме бир аз болгондо бир окуя болду. Бир абышка-кемпирдин үйүнө төрт-беш бала киришет. Алар үйдө көп суммадагы акча бар деп угушкан экен. Ал акчаны таппай, абышка-кемпирди сабашат.

Биз күмөн санаган кишилерге толук далил табылбай, кылмыштын бети бир топко ачылбай жүрдү. Ал окуядан 4 ай өтүп, Бишкектен ушундай кылмыш катталып, биз күмөн санаган балдар кармалган экен. Алардын бири «Кемин районунан дагы кылмыш кылганбыз» деп айтыптыр. Ошол боюнча көрсөтмөлөрүн алганда, кайра эч кандай кылмыш кылбаганын айтып, мойнуна албай коюшкан. Биз аларды Кемин РИИБге алып келип, кылмыштын бетин ачуу үчүн күндөп-түндөп иштегенбиз. Ушул тергөө амалдары жүрүп жатканда жабыркаган ата менен апага, мага айрым адамдар тарабынан кыйыр коркутуулар болгон. Себеби, бул кылмышкерлердин арасында көп жыл темир тор артында отурган, кылмыштуу дүйнө менен байланышы бар бала да бар болчу. Бирок биз ага карабай, өз ишибизди аткара бергенбиз. Акырында кемпир бир баланы таанып, «ай балам, эмнеге ушундай кылмышка бардыӊ?» дегенде, ал: «апа, кечирип койгула. Мен мындай кылмышка барбайт элем» деп ыйлап жиберген. Баары бир кылмышкер болсо да жүрөгүнүн түпкүрүндө адамдык сапаты болот. Ошентип кылмыш иши сотко кетип, кылмышкерлер өз жазасын алышкан. Ата менен апа мага абдан ыраазычылык билдиришкен. «Булар кармалбай калды. Эми качан кирип келишет» деп коркуп жашап калышкан экен. Мага батасын да беришкен. Кары адамдардын батасын алган эӊ жакшы нерсе деп ойлойм. Азыркы күнгө чейин майрам күндөрү ата-апа менен телефон чалышып, куттукташып турабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×