Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 23.01.2020 10:40

«Кыздарым биз жокто төшөктөрдү сыртка жайышыптыр»: Калыңга деп топтолгон акчаларды шамал учуруп…

Turmush -  Бакай-Ата районунун 61 жаштагы тургуну Бүайым Момбекова баатыр эне болуп, дөөлөттүү карылыкты өткөрүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында төрөлгөн.

«1967-жылы ушул айылга турмуш куруп келдим. Ал кезде ишке жарактуулар жапырт колхоз жумуштарын жасачубуз. Мен 40 жыл тамекиде иштедим. Баарынан эсимде калганы, пенсиям 350 сом менен башталган (күлүп). Азыр 5000 сомдун тегерегиндеги пенсия алам. Таңдан түнкү саат бирге чейин тамеки тизген күндөр болду. Багыма балдарым дагы бейчеки бейбаш болгон жок. Баары мектепти жакшы окуп бүтүштү. Союз тарап калганда багбанчылыкка өтүп, 6 гектар жерге алманын бардык түрүн, кара өрүк, терек отургуздук. Ал какыраган, каралбаган жер болчу. Абышкам Мейманкул менен талаанын ташын терип, терибизди агызып эмгек кылдык. Жер жакшы болсо түшүм жакшы болот. Колубуз менен жасаган эмгегибиз кайтып, жакшы түшүм алып жүрдүк. 2012-жылы бактарды сел каптады. Баарын бир сыйра кыйратты. Аны дагы карап отура бербей кайра калыбына келтирип, мээнетибиз жерде калган жок. 1 тоннадан ашык түшүм алабыз.

«Баатыр эне» сыйлыгын 7 жыл мурун алгам. Ошол балдарыбыздын жакшылыгында болуп, дөөлөттүү карылыктабыз, кудайга шүгүр. Абышкам менен 52 жыл бирге жашап келебиз. Эки баштан эки акыл чыгып, ал бир бүтүм болгондо алдыда кандай иш болсо дагы ийгиликке жетүүгө болот. Себеби абышкам 12 бир тууган болчу. Эң улуусу биз болдук. Ата-эне катарында болуп, жоопкерчиликти артып, ошону менен катар кыйынчылыкты дагы тарттык. Баарын конуштарына жайгаштырганча өзүбүздүн балдарыбыз чоңоюп дагы калды. Аларды окуттук, убагы менен кыздарыбызды турмушка берип, келин алып, картайганыбызды билбей калдык (күлүп).

Ар бир нерсе кудайдын буйругу менен болот тура. Бир кайын иним үйлөнөрдө акча кенен болбой калды. Бирок ал кезде карызга сурасак элден чыга берчү. Ошентип 3000 сомдон ар кимден карыз алып, кийин 2-3 айда кутулдук. Анда сейф деген жок, ошол чогултуп жаткан акчаларды керебеттеги жүктүн арасына катып койгон элек. Ал жерге бекитип койдук деп эч кимге айткан эмеспиз. Бир күнү кыздарым биз жокто төшөктөрдү сыртка алып чыгып жайышыптыр. Шамал болуп, акчалар чачылып, бир далайын жоготуп жиберип, таппай убара болдук. Бир маалда кичинекей балам ойноп жүрүп, бир түйүмүн көчөдөн таап келиптир. Эч ким албай жаткан жеринен таап алып, карыздан кутулганбыз (күлүп).

Дагы бир кайын инимдин келинчегинин калыңына алып барабыз деп катып койгон бир түйүнчөк акча менен кичинекей балдарым ойноп, эшиктин алдына чыгарып коюшуптур. Ал убакта аскерге балдар кеткенде же келгенде айылдагы ата-апалар баары чогулуп, баталарын беришчү. Азыр эмне, кеткени же келгени билинбейт. Биринчи балам аскерге кеткенде канчалаган журт үйдөн кирип-чыгышты. Ошондо дагы баягы түйүнчөк акчага эч ким тийбей, акырында өзүм таап алгам (күлүп). Балдар деген кандай гана кызыктарды жаратышат. Алар менен дүйнө бекем.

Тегерегимдеги келиндерге «кийиз жасагыла» деп кийиз, шырдактарды жасадык. Келиндерге курак кураганды үйрөттүм. Баары куракчы болду», - деди ал.

Бүайым апа 8 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×