Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2020 17:51

«Далайды көргөн карышкыр экен»: Жумгалдагы жайлоодо дөбөт атылды (видео, сүрөт)  

Turmush -  Жумгал районунун Окторкой жайлоосунун Орто жол участкасына түшүп келген жети карышкырдын бири 18-январда атылды.

Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, Кочкор районунан келген мергенчилер карышкырдын дөбөтүн атышкан. Калган 6 карышкыр Чалкак жайлоосун көздөй качып кетишкен.

«Далайды көргөн карышкыр экен. Көк жал экен. Кочкорлук туугандарга ыраазычылык билдиребиз», - дейт тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×