Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуСузак району 22.01.2020 11:14 На русском

Сузакта жаш келин менен эки уулунун жансыз денесин өз үйүнөн табышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 33 жаштагы келин эки уулу менен көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул маалыматты райондун акими Эрмекбай Омошев ырастады.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 19-январында түндө болгон. Келин эки уулу менен Кызыл-Сеңир айылында турушчу. Жолдошу Москвада иштеп жүргөн.

Айыл тургундарынын айтымында, жаш келин эки баласы менен көмүрдүн исине ууланып, эки күн үйүндө жатып калышкан. Жолдошунун телефон чалуусуна жооп бербегендиктен, ал кошуналарына байланышкан. Алар үйүнө барганда үчөө каза болгонун билишкен.

«Бизге жеткен маалымат боюнча, келин айылдагы мектепте санитардык кызматкер болуп иштечү экен. 2013-2015-жылдары туулган эки баласы менен жашачу. Жолдошу Москвага иштегени кетиптир. Азыр биз окуя болгон үйгө бара жатабыз», - деди райондун акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×