Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 22.01.2020 14:46

«Интернеттен таанышкан кыздын бою кичине экенин көрүп, качып кеткем»: Узун бойлуу жигитке таң калгандар көп

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында чоңойгон 23 жаштагы Жумабек уулу Абдымаликтин боюнун узундугуна таң калып, бой өстүрүүнүн сырларын сурагандар көп. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, боюнун узундугу 1 метр 97 см.

«Мен боюмду өстүрүү үчүн атайын дары-дармектерди колдонгон эмесмин. Үй-бүлөдө менин боюм баарынан узун. Боюма тиешелүү кызыктуу учурлар көп болот. Эсте калганы, интернеттен бир кыз менен таанышып калып, анын боюнун аябай кичине экенин көрүп, качып кеткеним эсимде (күлүп). Көчөдөн көрүп калган ар бир экинчи адам боюм жөнүндө сурайт. «Кантип өстүрдүңүз эле, кайсы спорт менен машыгасыз же дары ичтиңиз беле?» деп сурашат. Мен аларга тамашалап, «кайра бой өскөндү токтоткон дары барбы?» деп калам. Кээде досторум «сабизди көп жегенсиң го» деп тамашалап калат. Мен кайра «жок, селитра ичкем» деп коём (күлүп)», - деди ал.

Абдымалик мырза үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×