Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 21.01.2020 14:40 Жаңыланды: 21.01.2020 19:03

«Сени мен эмес, кыздар шыпырыш керек»: 7 кыздын арасындагы жалгыз уулдун «эркелиги». Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 63 жаштагы тургуну Бурмакан Тыныбекова курак менен септерди даярдайт. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, чеберчиликти апасынан үйрөнгөн.

«Мен атам жок чоңойдум. Апам жалгыз совхоздун жумуштарына жетишип, үйдөн кийиз, шырдак шырып дагы үлгүрчү. Ошондо эле апамдын бизге болгон тарбиясы баарына бышырган. Мектепти бүтүп эле 1975-жылы турмуш куруп, 30 жыл тамекиде, 5 жыл саанчы болуп иштедим. Бүлө болгондон кийин ал үйдүн очогун улап, бал-чакалуу болдук. Ал кезде бала төрөлүп, 2 ай болду дегенде колхоз жумуштарына декреттик өргүү бүттү деп чыгарышчу. Замандын бейкапар кездери экен. Оору-сыркоо, дүнүйө дегенге баш ийбептирбиз. Эл уктаса дагы мен түндөп уктабай кол машине менен ар нерсе тикчүмүн. Апам картайганча шырдак жасады. Алы келбей калганда боёкторунан бери мага өткөрүп берди. Мен кийиз, шырдактан баштап далай эмгек жараттым. Азыркы кезде куракка басым коюп, сеп даярдайм. Көбүнчө каттама куракка буйрутма болот. Себеби ал татаал, бирок көрүнүшү көзүңдү эс алдырат. Төшөктөрдү өзүнчө дагы куратышат.

Бизде жалаң кыз болуп келип, уул, анан кайра кыз төрөлдү. 8 кыз, 1 уулдуу болдук. Бирок бир кызыбыз кайтыш болуп кетти. Калгандарын эл артынан калтырбай билимге ээ кылып, «Баатыр эне» сыйлыгына ээ болдум. Уулубузду жалгыз деп эрке кылган жокпуз. Бирок бир нерсеге жумшасаң такыр аткарчу эмес.«Кырылган кыздар турса, мени эмнеге жумшайсыз?» деп турчу. Ал балам болжолу 5-класс болуп калган эле, бир күнү ага «бөлмөлөрдү шыпырып койчу» деп жалдырадым. Балам шыпыргыны алып кетти. Ушул жолкусунда менин тилимди укту го деп аябай сүйүндүм. Артынан барсам, шыпыргыны тээп, эшикке ыргытып, «сени мен эмес, кыздар шыпырыш керек» деп жатыптыр (күлүп ). Эми баары чоңоюп, урматын көрүп келебиз.

Абышкам Тыныбеков Майрамбек менен 45 жылдан бери бирге түтүн булап келебиз. Айыл жеринде дыйканчылык менен алек. Колхоз эмгегимди баалап, катар сыйлыктар менен сыйлап, пенсияга чыгарды. Азыр пенсия жок болсо кандай болмок эле дейм (күлүп)», - деди чебер апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×