Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 21.01.2020 14:33 На русском

«Уятынан жол чырактан токтоп жатышат»: Ат-Башыдагы акылдуу эшек айдоочуларга үлгү болууда. Видео

Turmush -  Ат-Башы районунда гезит сатып иштеген Нурбек Кенебаевдин эшеги айдоочуларга үлгү болууда.

Н.Кенебаевдин айтымында, айдоочуларга караганда эшеги жол эрежелерин мыкты билет жана сактайт. Мисалы, эшек жол чырактын кызыл белгиси жанганда токтоп, жашыл белгиси жанганда жүрүшүн улантат.

«Бул эшегим кичинесинен менин артымдан жүрөт. Өзүм гезит сатып иштейм. Үйүм ыраак. Эртең менен эшегим экөөбүз гезит сатуу үчүн райондун борборуна келебиз. Ал баарын түшүнөт, билет. Акылдуу. Жол чырактан токтойт. Айдоочулар эшегимди көрүп, уятынан жол чырактан токтоп калышты. Ушул жерден токтоп, андан кийин өтөсүң деп үйрөтүп койгом. Элдин баары “акылдуу эшек” дейт. “Айдоочуларды уят кылдыңыз” деп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×