Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуСокулук району 21.01.2020 13:14

Бүгүн таң эрте 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында болгон жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды. Дагы 6 киши ооруканада жатат. Бул тууралуу Сокулук райондук аймактык ооруканасынан билдиришти.

«Аталган кырсыктан кийин сыныктар бөлүмүнө төрт киши, жандандыруу бөлүмүнө эки киши түштү. Абалы орточо. Үч киши окуя болгон жерден көз жумган экен. Жаш балдар жок, баары чоң кишилер», - деп билдиришти ооруканадан.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, каза болгон 3 киши жеңил унаанын ичинде болгон.

«Кичи автобус Кара-Балтага кетип бараткан экен. Жеңил унаада беш киши болгон. Анын үчөө каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүнө жатышты. Алардын бири ошол жеңил унаанын айдоочусу. Ал эми сыныктар бөлүмүнө кичи автобуста бараткан төрт киши жатты. Анын бири айдоочу», - деп билдиришти алар.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, бүгүн, 21-январда эртең менен саат жети чамасында Сокулук айылында «Хонда Аккорд» каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен сүзүшкөн. Кичи автобус Бишкек—Кара-Балта багытында келе жатканы белгилүү болду. Жеңил унаадагы катуу жаракат алган 3 жүргүнчү көп узабай көз жумган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×