Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЧолпон-Ата 21.01.2020 09:55 На русском

Жаш талант: 8 жаштагы Кундуз Дубайдагы олимпиадага жалгыз кеткенде бүт айыл таң калган

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылынын 33 жаштагы тургуну Алина Куронова 10 жаштагы кызы Кундуз Калыкованын ийгиликтери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, кызы Чолпон-Ата шаарындагы мектеп-гимназияда 4-класста окуйт.

«Кундуздун окууга болгон кызыгуусун 4 жашынан эле байкаганбыз, бирок жашоо-шартка байланыштуу өзү кызыккан ийримдерге барган жок. Даярдоочу класска барганыбызда мугалими кызымдын билим деңгээли 2-класстын окуучусунукундай экенин айткан. Ошондон кийин райондогу күчтүү мектеп деп эсептелген гимназияга бердик. Кызыбыз үмүтүбүздү текке кетирген жок. Математика сабагына кызыккандыктан менталдык арифметиканы окуттук. Өзү ийгиликтерге жетишти.

Райондук олимпиададан баш байгени, облустан 2-орунду алды. Мындай жетишкендиктери үчүн мугалими Гүлнура Уланова Дубай шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага катышууну сунуштады. Дароо эле макул боло алган жокпуз. Себеби, жол киресине каражатыбыз жетишсиз эле. Бир жума ойлондук, анан чоң энесинин «окууга дилгир балаңарды артка тартпагыла» деген сөзүнөн кийин демөөрчү издеп баштадык. Ошентип кызымдын эл аралык олимпиадага барышына бир туугандары, аяш аталары көмөк көрсөтүштү. Биз дагы болгон каражатыбызды топтоп, кызыбызды жибердик. Болгондо дагы таныбаган адамдар менен жалгыз жөнөткөнбүз. Азыр ойлосом, абдан тобокелге салыптырбыз. Тааныбаган эжеге ишеним кат жазып берип жибергем. Себеби, өзүбүз коштоп барууга дагы эки эсе каражат коромок жана бизде андай мүмкүнчүлүк жок эле. Көпчүлүк ата-энелер балдарын коштоп барышкан эле. Ошентип, 8 жаштагы кызымды Дубайга жалгыз жибергенимде бүт айыл таң калган эле. Биздин үмүтүбүздү актап, Кундуз олимпиададан 2-орунду алып келген», - дейт апасы Алина Куронова.

Анын айтымында, кызы менталдык арифиметикадан тышкары англис тилин окуйт. Көркөм окуу жана сүрөт тартууга кызыгат. Келечекте терапевт дарыгер болом деп кыялданат. Ал эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×