Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуБалыкчы 20.01.2020 10:50 На русском

Түндө Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды «калчылдатты». Видео

Turmush -  Түндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды бир сыйра «калчылдатты». Бул тууралуу жашоочулар билдиришти.

Карышкырды видеого кечээ, 19-январда саат 23:04тө шаар тургуну Айтбек Өзүбеков тартып алган.

«Бул видео Жеңиш көчөсүндө тартылды. Жанымда апам бар болчу. Унаа менен үйгө келе жатканбыз. Карышкыр ушул көчөгө чейин кирип келиптир. Аны көрөрүм менен кошунамды чакырдым. Ал экөөбүз артынан кубалап, бирок таппай калдык. Жогору жакта токой бар. Ошол жакка качып кетти. Алдыңкы оң бутунан жаракат алыптыр. Видеону башкаларга көрсөтүп сураштырсак, ургаачы карышкыр экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×