Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.01.2020 15:41

Ак-Суунун Боз-Учук айылында 80 жолбун ит атылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен жолбун иттер атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, буга чейин алар айыл аймакта окуучулар мектепке бара жатканда көчөдө бош жүргөн иттер коркунуч жаратып жатканын айтышып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылышкан. Мындан улам тийиштүү адистер айылдагы жолбун иттерди атуу иштерин жүргүзүштү. Атуу учурунда айыл башчысына кол көтөрүп: «Итимди неге аттың? дегендер дагы болду. Буга чейин айыл аймак, жергиликтүү кеңеш тарабынан жолбун иттерди атуу боюнча маселе каралып, кагаз жүзүндө бекитилген.

«Айрым тургундар туура иш экенин айтып, өздөрүнүн макулдугу менен короолорго толгон жолбун иттерди аттырышты. Бүгүн айыл аймакта 80ге жакын жолбун ит атылды. Өткөн жылы ушул эле айыл аймакта 200гө жакын жолбун ит атылган болчу», - деп билдиришти айыл аймактан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×