Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.01.2020 10:08

Айыл турмушу: Элеттик эне хоббиси аркылуу киреше табууда

Turmush -  Ак-Суу районунун тургуну Элмира Осмоналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Э.Осмоналиева аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кесиби боюнча бухгалтер. Бала багып үйдө отурган учурда кол өнөрчүлүк менен алектене баштаган.

«Кол өнөрчүлүктү хобби катары көрчүмүн. Керектүү буюмдарды өзүм үчүн жасачумун. Кийин мен жасаган кутучуларга кызыккандар көп болуп, буйрутмалар дагы түшө баштады. Көбүнчө кыз-келиндер алышат. Ал эми майрамдарда келинчегине, кыздарына белек кылуу үчүн мырзалар дагы сатып алышат», - дейт ал.

Анын айтымында, кутучаларды жасоо үчүн колдонулуп бүткөн скотч, ширелердин кутуларын жана талаада өскөн чийлерди колдонот. Баасы 200 сомдон 800 сомго чейин жетет.

«Мага уулум жардам берет. Мектепте окуган 6-7-класстын кыздары да кызыккандыктан, аларга дагы үйрөтүп жатам. Негизи жайкысын ар кандай көргөзмөлөргө катышам, анда кутулар жакшы сатылат. Мисалы, адамдар колдонулган кутуларды ыргытып жиберет. Мен аларды бекер таштанды кылбай, кирешеге айлантам. Кутуларды сатуудан айына 2 миң сомдой киреше табам. Аз болсо дагы айыл жеринде бир нерсеге жарайт», - дейт ал.

Элмира Осмоналиева эки уул, эки кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×