Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.01.2020 14:13

Түптө өрт чыккан үйдүн ээси аман калып, конокко келген адам каза болду. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Кутургу айылында өрт кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду.

Маалым болгондой, өрт бүгүн, 15-январда таӊга маал Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Турак үйдүн күйүп жатканын ушул эле айылдын З.С. аттуу тургуну жана анын 2 кесиптеши көргөн.

З.С. эки кесиптеши менен күйүп жаткан турак үйгө кар ыргытып, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Бирок жалын өчпөгөн соӊ, Түп райондук өрт куткаруу кызматына кабарлашкан.

«Биз кесиптештерибиз менен күнүгө таӊга маал жумушка жөнөйбүз. Бүгүн да адаттагыдай кетип бара жатсак, Ленин көчөсүндөгү үйдүн тышы күйүп жатканын көрдүк. Аны короосундагы үйүлгөн кар менен өчүрүүгө аракет кылдык. Ошентсе да өрт жайылып, куткаруучуларды чакырууга аргасыз болдук», - деди күбө.

ѲКМдин райондук бөлүмүнүн маалыматына таянсак, саат 06:28де өрт тууралуу маалымат түшүп, саат 06:40 чамасында куткаруучулар жөнөп кетишкен. Ѳрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо турак жайдын ашканасындагы электр жылыткычтан чыкканын болжолдошкон. Учурда өрттүн себептери, материалдык чыгымдар такталууда.

Маалым болгондой, үйдүн ээси — 1962-жылы туулган А. аман калып, 14-январда Кичи-Ѳрүктү айылынан конокко келген 51 жаштагы У.С. аттуу жаран иске ууланып каза тапкан.

Учурда Түп райондук милиция кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×