Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.01.2020 14:00

Караколдо 12 жаңы буу казан ишке берилди

Turmush -  Каракол шаарында 12 жаңы буу казан ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын башчысы Абай Орозалиев маалымдады.

Анын айтымында, аталган ишкананын карамагында 17 откана болсо, бири электр энергиясы менен жылытылат.

«Отказандардын эскилиги жетип, буга чейин жылуулук берүүдө көйгөй жаралып келген. Быйыл 11 млн 800 миң сомго буу казандар алынып, 12 буу казан ишке берилди. Ишкана шаар боюнча 67 көп кабаттуу үйгө жана 8 мектепке жылуулук жеткирет. Быйыл дагы 4 жаңы буу казан коюлат», - дейт А.Орозалиев.

151 күнгө созулган жылуулук сезонунда 8 миң тонна кара алтын сарпталат. Учурда көмүр жетиштүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×