Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.01.2020 10:01

Бир жаштагы кыздын өлүмү: Денесиндеги көк ала тактар тууралуу туугандары эмне дейт? Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бир жаштагы наристе чарчап калды. Аны ооруканага Боз-Учук айылынан алып келишкен. Кыз кайра жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Анын апасы Түркияга иштегени кетип, кыз таенесинин колунда тарбияланып жаткан.

Түп районунун Кичи-Өрүктү айылында жашаган кыздын чоң энеси Шайыргүл Буланбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, небересинин ооруп жатканы жана чарчап калганы тууралуу убагында ага кабар беришкен эмес.

«Балам үйдө жалгыз уул болчу. 2019-жылдын август айында оорудан улам каза болду. Артында эки баласы калган. Баламдын кыркында келиним менен неберемди төркүнү алып кетишкен. Жазга чейин бала чоңойгуча үйдө болуп тургула деп сурансам дагы болушкан жок. Келиним төркүнүнө баргандан кийин кызын эмчектен чыгарып, өзү Түркияга иштегени кетип калыптыр. Кеткенге чейин неберемди бир көрсөтүп кетишин сурандым. Келген жок. Мага деле таштап кетсе, мен деле бакмакмын. Сурасам "баламды таштаганыбызга сүйүнгүлө, аны дагы алып алабыз" дешчү. Ясина ооруп, ооруканага түшкөнү, чарчап калганы боюнча кабар беришкен жок. Кайын инимден «кыз ооруп жатат, медициналык картасын бергилечи» деп сурашыптыр. Картасын бергени барса, өлүп калганын айтышыптыр. Денесинде көк ала тактар бар экени айтылып жатат, ал эмне үчүн текшерилген эмес? Мен бул боюнча милицияга арыз жазып, чын-бышыгын билем», - дейт чоң энеси Шайыргүл Буланбаева.

Ак-Суу РИИБдин башчысынын орун басары Мирлан Акуновдун айтымында, 10-январда милициянын нөөмөт бөлүмүнө ооруканада бир жаштагы кыз чарчап калгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ал каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анткени кыздын далысында жана жүрөк тарабында көк ала тактар болгон. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Ясинанын таенеси билдиргендей, анын 1997-жылы туулган кызы Ж.М. Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын 1983-жылы туулган Э.К. аттуу тургунуна турмушка чыккан. Күйөө баласы өткөн жылы оорудан улам каза болгон. Андан кийин Ж.М. кызын ага таштап, өзү Түркияга иштегени кеткен.

2020-жылдын 9-январында саат 21:30 чамасында Ясина кечки тамак ичип, кыям жеген. Андан кийин кусуп баштаган. Ал небересин жуунтуп, кийимин алмаштырган. Андан соң Ясина эс-учун жоготуп баштаган. Кыздын абалы начарлаганда алар жасалма дем алдыруу кылып, жүрөгүнө массаж жасашкан. Андан кийин небересин Ак-Суу райондук ооруканасына алып барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×