Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.01.2020 14:28

Караколдо биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында биринчи жолу жүрөк кемтигине операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, операция 10 жаштагы эки өспүрүмгө жасалган. Адистер атайын Бишкек шаарынан чакыртылып, алар Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунан келишкен.

«Операция 2,5 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Мындай операциялар Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен социалдык жактан муктаж балдарга бекер жасалууда», - дешти дарыгерлер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевдин маалыматына караганда, облуста жүрөк кемтиги бар 100гө жакын бала операцияга муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×