Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.01.2020 10:22

Сүрөт — Иса 3D форматындагы эксклюзивдүү сүрөттөрдү тартат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 23 жаштагы тургуну Иса Султанбеков 3D форматындагы сүрөттөрдү тартат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Чолпон-Ата шаарындагы көркөм сүрөт мектебинде билим алып баштап, бирок шартка байланыштуу аягына чейин окуй албай калган.

«Сүрөт тартууга кичинекей кезимден бери эле кызыгам. Атам сүрөтчү болчу. Мен 6-класста окуп жүргөндө портреттерди тартып баштагам. 2014-жылы эң биринчи тарткан сүрөтүмдү сатканым эсимде. Азыр деле сүрөттөрдү 400-500 сомдон сатам.

Сүрөт тартканда боёк, кум, карандаш жана көмүр колдоном. Жаратылышты, адамдардын портреттерин 3D форматында тартам. Буга чейин мен жактырган кызыма өзүнүн сүрөтүн тартып берсем, абдан таң калган. Анткени ал менин сүрөт тартарымды билчү эмес.

Мындан тышкары, «Алма» фестивалына жана «Экологияны сактайлы» аттуу сынакка катышкам. Мектепте окуп жүргөндө сүрөт сынагынан Каракол шаары боюнча 1-орунду алгам.

Эми Түркиядан иштеп келгенден кийин Каракол шаарында жеке студиямды ачып, сүрөтчүлүк өнөрүмдү өркүндөтүү менен белгилүү сүрөтчүлөрдүн катарын толуктасам дейм», - деди И.Султанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×