Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.01.2020 09:39

Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Тилекмат айылынын аксакалдары айылдын тарыхы тууралуу айтып беришти. Тилекмат айылы райондун борбору болгон Кызыл-Суу айылынан 13 чакырым алыста, Каракол—Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айылга алгачкы үй 19-кылымдын акырында курулган.

«1905-жылдары айылга славян улутунун өкүлдөрү көчүп келишкен. Алар эки көчөгө үйлөрдү куруп, аны Иванец кыштагы деп аташкан. Ал эки көчөнүн аралыгы 400 метрди түзгөн. Кийин 1932-жылы МТС уюштурулуп, район элинин айыл чарба жумуштары мындагы техникалар менен жасалган. Айылда 1960-жылы "Ысык-Көл" колхозу, 1988-жылы "Ысык-Көл" агрофермасы түптөлгөн. 1996-жылы Ак-Дөбө айыл өкмөтү болуп, кийин айыл аймак болгон», - дешти алар.

Аксакалдардын айтымында, айылга биринчилерден болуп айтылуу жети акенин бири Тилекмат акенин уулу Чыныбай Султан үй курган. Андан кийин келген славян улутунун өкүлдөрү ички көчөлөрдү кеңейтип, чакан кыштак түптөшкөн. Азыр Иванец айылы айтылуу жети акенин бири болгон Тилекмат акенин атын алып жүрөт.

Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Таалай Баяманов: «Тилекмат айылында 3,1 миңден ашуун адам жашап, тургундар мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенишет. Айыл эли ашар жолу менен айылдагы социалдык маселелерди чечүү аракетин көрүп келишет. Чакан айыл болсо дагы мектеп, бала бакча жана спорттук жайлар курулуп, ишке берилген», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×